mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2021-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин күндүзгү абанын температурасы 28°С жана андан жогору болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

 

Кыргыз Республикасынын  унаа жолдорунун жалпы пайдалануудагы коопсуздугун камсыз кылуу жана жалпы элди сактап калуу максатында «2021-жылдын жай айларында Кыргыз Республикасынын  жолдорунда жалпы пайдалануудагы транспорттук каражаттардын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө» үстүбүздөгү жылдын 1-июнундагы №151 буйругуна ылайык, жүк ташуучу унаалардын кыймылына саат 10: 00дөн 20: 00гө чейин күндүзгү абанын температурасы 28°С жогору болгондугуна байланыштуу убактылуу чектөө киргизилди. Андан сырткары жалпы салмагы максималдуу 18 тоннаны түзгөн оор жана ири унаалардын кыймылына тыюу салынат. КР мыйзамдарына ылайык, транспорт каражаттарын транспорттук контролдоо пункттары аркылуу өткөрүүдө. Республиканын аймагы боюнча жүк ташууну жүзөгө ашырууга жеке жана юридикалык жактан түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

 

КРТжКМ басма сөз кызматы