mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2020-жылы «Борбордук Азиядагы Региондук байланышты өркүндөтүү программасынын үчүнчү фазасы » долбоорун ишке ашыруу

2020-жылы Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы Региондук байланышты өркүндөтүү программасынын үчүнчү фазасы» долбоорун ишке ашыруу башталды. Долбоордун максаты — аймактык транспорттук байланыштарды жакшыртуу жана Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү. Долбоор төмөнкү компоненттерди камтыйт:

1-компонент: Ысык-Көл облусундагы регионалдык байланыш, тиешелүү объектилер жана шаймандар.

Биринчи компонентте төмөнкүлөр каралган:

  1. Ысык-Көл облусунун аймагындагы Түптү «Каркыра» өткөрүү пункту менен байланыштырган жолдун боюнда жана ага жакын жерде узундугу 52 чакырымга жакын жолдун бөлүгүн капиталдык оңдоодон өткөрүү, ошондой эле жол жээгиндеги объектилерди жана «Сан-Таш» тарыхый эстелигине (Темирлан дөбө комплекси) баруучу жолдорду куруу.
  2. Түптү Каркыра өткөрүү пункту менен байланыштырган жолдун жыл бою иштешин камсыз кылуу үчүн жолдорду эксплуатациялоочу техникаларды, атап айтканда кар тазалоочу техникаларды сатып алуу.
  3. Консультациялык кызматтар.

2-компонент: Авиациялык коопсуздук жана техникалык тейлөө.

Компонент төмөнкүлөргө жардам көрсөтөт:

  1. Мамлекеттик коопсуздук программасын карап чыгуу жана башкалар менен бирге Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ЭЖАУ) стандарттарына, сунуш кылынган практикага шайкеш келүүнү камсыз кылуу үчүн Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА) потенциалын жана институционалдык маселелерин аныктоо.
  2. Аба кодекси боюнча авиация мыйзамдарын иштеп чыгууга техникалык жардам көрсөтүү, ошондой эле ЭЖАУ стандарттарына жана сунуш кылынган практикага шайкештигин камсыздоо үчүн ЖААнын көзөмөлүн жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү. Анын ичинде авиация коопсуздугу боюнча инспекторлорун жана башка кызматкерлери үчүн атайын окутуу. ЖААнын мүмкүнчүлүктөрүн программалык жана техникалык жабдыктар менен камсыз кылуу кеңсесин иши жагынан кеңейтүү.
  3. Кыргыз авиация институтунун билим берүү программасын кайра карап чыгып потенциалын өнүктүрүү жана оңдоо. Авиация окутуу программасына тестирлөө үчүн атайын иштеп чыгуу.

 

 

3-компонент: Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүү.

Компонентте төмөнкү иш-чаралар каралган:

  • Туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын жана алуучунун башкы планын иштеп чыгуу. Ысык-Көл облусу боюнча Туризм спутниктик эсептерин пилоттук негизде ишке ашыруу.
  • Мамлекеттик же муниципалдык менчик боло турган беш туристтик тейлөө борборун куруу.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан долбоорду ишке ашырууда кыйынчылыктар болуп, белгилүү бир кечигүүлөр болгон.

Учурда, долбоор ишке ашыруунун баштапкы баскычында Түп-Кеген жолунун деталдуу долбоорун карап чыгуу же кайра кароо жана подрядчикти тандоо үчүн тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: Донор: Эларалык жарандык авиация уюмунун (ЭЖАУ.

Долбоордун жалпы суммасы: 55,0 млн АКШ доллар ( анын 27,5 млн АКШ доллары насыя жана 27,5 млн АКШ доллары грант).

Кол коюлган күнү:                                          2019-жылдын 3-июлу

Күчүнө кирүү күнү:                                        2020-жылдын 30-январы

Долбоордун аякташы:                                  2024-жылдын 30-ноябры

 

КРТжКМ басма сөз кызматы