mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2019-жылдын курулуш мезгиленен баштап кандай жумуштар аткарылды жана алдыда кандай пландар бар

2019-жылдын курулуш сезону башталгандан бери жалпы узундугу 24,5 км жолго асфальтбетон төшөө жумушу аткарылды. Анын ичинен күнүмдүк бюджеттин эсебинен жергиликтүү маанидеги автожолдордун багыттары боюнча 10 км жолго асфальтбетон төшөлдү, анын ичинде чек ара жолдору, приоритеттүү жолдор, ошондой эле, өткөн жылдан калган обьектилер бар. Инвестициялык долбоорлордун эсебинен 14,5 км жаңы жолдордун курулушу ишке ашырылды, Түндүк-Түштүк автожолу, узундугу — 2 км, Бишкек-Кара-Балта автожолу, узундугу –5 км, Ош-Баткен-Исфана-Худжант автожолу, узундугу — 1,5 км жана Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 км участогу, узундугу – 6 км.
2019-жылдын Планына ылайык 363,4 км жолго асфальтбетон төшөөнү ишке ашыруу пландаштырылган, анын ичинен күнүмдүк бюджеттин эсебинен 126,6 км, анын ичинде Балыкчы-Тамчы-Корумду автожолу – 7км, ошондой эле, калган жергиликтүү маанидеги автожолдордун багыттары боюнча, анын ичинде калк жайгашкан пунктар, чек арага жакын жолдор, ошондой эле, жылдырылган обьекттерди жана башка приоритеттүү жолдорду куруу пландаштырылган.
Капиталдык салымдын эсебинен 179,9 км жолго асфальтбетон төшөөнү ишке ашыруу каралган, анын ичинде жалпы узундугу 139,9 км райондук борборлорго, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават ж.б. сыяктуу негизги обьекттерге, узундугу 40 км жолго асфальтбетон төшөө караштырылган.
Инвестициялык долбоорлор боюнча 75,5 км жол курулат, анын ичинде Түндүк-Түштүк автожолу, узундугу – 40 км; Бишкек-Кара-Балта автожолу, узундугу – 10 км; Ош-Баткен-Исфана-Худжант автожолу , узундугу –5,5 км; Ош-Баткен-Исфана автожолу, 75-108 км участогу, узундугу – 20 км.
Республиканын мыйзамчыгаруу базасын жана эл аралык тажрыйбаны эсепке алуу менен жол тармагын талдоонун натыйжасы боюнча министрлик жол тармагын башкаруу жана каржылоо системасын реформалоо боюнча сунуштарды даярдады.
Бардыгыбызга белгилүү болгондой , 1997-жылдан бери биздин республиканын автомобиль жолдорун калыбына келтирүү жана куруу үчүн зор финансы ресурстары коротулууда. Ошол эле учурда жол тармагын реформалоо боюнча аракеттер обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам жетишсиз болуп калып жатат. Азыркы күндө биздин республика эл аралык транспорттук коридорлорду калыбына келтирүүнү иш жүзүндө аяктады. Ошону менен бирге азыркы учурда жетишилген натыйжаларды сактап калуу үчүн башкаруу системасын такыр өзгөртүү — биздин республиканын экономикасы үчүн өзгөчө зарыл болуп турат.
Автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тейлөө боюнча мамлекеттик ишканаларды түзүү аркылуу башкаруу системасын реформалоо пландаштырылууда. Иштеп турган жол-пайдалануу мекемелеринин базасында мамлекеттик ишканаларды түзүү «Тапшырыкчы-Подрядчы- Көзөмөл боюнча Инженер» системасын киргизүүгө багытталган. Тапшырыкчы менен жумуштарды аткаруучунун функцияларын бөлүштүрүү пландаштырылууда, бул автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тейлөө жумуштарын кабыл алууда жана жүргүзүүдө кызыкчылыктардын карама-каршылыгын жоет, коррупциялык тобокелчиликтерди минималдаштырууга жана жол тармагын башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга кызмат кылат. Башкаруу системасын өзгөртүү — башкаруунун рыноктук принциптерин киргизүүнүн зарылдыгы менен түшүндүрүлөт, анда өз ара мамилелер макулдашуулардын негизинде түзүлөт, ал эми тараптардын жоопкерчилиги так жазылат жана так бөлүштүрүлөт.
КР ТжЖМнин Басма сөз кызматы