mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

БУЙРУК

«1970-жылдын 1-июлундагы Женева ш. түзүлгөн Эл аралык автомобилдик ташууларды жүргүзүүчү транспорт каражаттарынын экипаждарынын ишине тиешелүү Европа макулдашуусуна (ТКЕМ), Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана Европа макулдашуусунун талаптарын аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып,   буйрук кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын территориясында санариптик тахографтар системасында ачкычтарды, сертификаттарды жана жабдууларды башкаруу боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү транспорту департаменти Кыргыз Республикасынын территориясында санариптик тахографтар системасында ачкычтарды, сертификаттарды жана жабдууларды башкаруу боюнча жобону кызыкдар тараптарга жеткирсин.
  3. Пресс-катчы К.Досумбетовго бул буйрукту каттоодон өткөн күндөн тартып үч күндүн ичинде “Эркин тоо” гезитине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин веб-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын башчысы А.Акматовго:

— расмий жарыяланган күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук каражаттарында, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

— ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

  1. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин автомобиль транспорту тармагын тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.

Буйрук