mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

18-декабрда КР Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын-Баетов унаа жолунун абалы менен таанышты.

18-декабрда КР Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын-Баетов унаа жолунун абалы менен таанышып, ошондой эле Кара-Гоо ашуусунда болуп, ал жерде жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери менен жолукту .Министр Кара-Гоо ашуусун кыш мезгилинде тейлеп жаткан жумушчулар жана механизаторлордун социалдык-турмуш-тиричилик шарттары менен таанышты.Мындан тышкары транспорт министри жана ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилинде жолдорду тейлөө боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле келээрки жылдагы жолдорду оңдоо маселелери каралды.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы