mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

№25 Жол тейлөө ишканасы бир күн аралыгында Аламедин-Кой-Таш-Арашан унаа жолундагы авариялык көпүрөнү айланып өтүүчү каттам берилет

Аталган көпүрө Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Заречная айылындагы Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолунун 0+150 чакырымында жайгашкан.

Көпүрө “Кыргыздортранспроект” институтунун тиешелүү кызматкерлер тарабынан текшерүүдөн өткөрүлүп, авариялык абалда экени аныкталган. Көпүрөгө проект түзүлүп, мамлекеттик экспертизага жиберилген.

Бүгүнкү күндө №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аталган көпүрөдө каттам жабылып, тиешелүү иш-чаралар алып барылууда. Унааларга убактылуу Байтик-Дача- Воронсовка айылдары аркылуу альтернативалык каттам камсыз кылынды. Аламедин-Кой-Таш-Арашан унаа жолунда бир күн ичинде көпүрөнү айланып өтүүчү жол салынып каттам берилет. Учурда керектүү техникалар тартылды.


Транспорт министрлигинин маалымат кызматы