Өлкө аймагында аң-чөнөктөрдү жамоо иштери кызуу жүрүүдө
- 39 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан республика боюнча автожолдордун абалын жакшыртуу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында пландуу иштер улантылууда.
Учурда аталган ишканалар тарабынан жол катмарындагы аң-чөнөктөрдү жамоо, жол жээктерин иретке келтирүү боюнча төмөнкү иштер аткарылууда:
№5 Жол тейлөө ишканасы: Бишкек – Ош автожолунун Өзгөн районундагы тилкесинде, тактап айтканда, 589-611-чакырымдар аралыгында аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жол жээгин бекемдөө жана сүрүп тегиздөө жумуштары активдүү аткарылып жатат.
№43 Жол тейлөө ишканасы: Новопокровка – Сары-Жон автожолунда асфальт-бетон катмарындагы кышкы кароодон кийинки келип чыккан аң-чөнөктөрдү, жол жээктерин тегиздөө жана жол боюндагы бадалдарды, бак-дарактарды бутоо иштерин жүргүзүүдө.
№25 Жол тейлөө ишканасы: Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш автожолунун абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү жумуштарды аткарууда.
Аталган иш-чаралар жол катмарынын сапатын калыбына келтирүү, транспорт каражаттарынын коопсуз жана үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу максатын көздөйт.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол иштери жүрүп жаткан тилкелерде сак болууга жана жол белгилеринин талаптарын так сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы