mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкө аймагында асфальт төшөө менен катар аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө

Бишкек-Ош унаа жолунун 156-158-чакырымдар аралыгында жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрүүдө. Буга чейин аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолдун 60-103-чакырым жана 141-158-чакырымдар аралыгы оңдолгон. Алдыда 103-129 менен 158-208-чакырымдар аралыгында жаралган аң-чөнөктөр жасалат.

Ушундай эле иштер Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (18-69-чакырымдар аралыгы) да жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы