Өлкөдөгү жолдор ачык, чектөөлөр жок
- 348 просм.
Бүгүн 31- декабрь өлкөнүн бир катар аймактарында каар жаап, күн бүркөк. Бишкек –Ош автомобиль жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас — Суусамыр авто жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Кече, кечки саат 20:00до Бишкек-Ош авто жолундагы Арал постунда оор жүк ташуучу авто унааларга коюлган убактылуу чектөө алынды.
Ал эми, Башкек-Нарын-Торугарт авто жолунун ашууларында күн ачык жолдо каттам бар, жолчулар тарабынан жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Министрлик алдындагы Жол тейлөө ишканалары тарабынан жол бетин кардан карды тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды авто дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.
Министрликтин маалымат кызматы