Өлкɵ аймагында жолдор ачык
- 32 просм.
Бүгүн, 20- февраль, ɵлкɵдɵгү авто жолдордо, ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас — Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркɵк, каттам бар. Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп –Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.
Мындан тышкары, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери туруктуу аткарылууда.
Министрлик алдындагы Жол тейлɵɵ ишканаларынын жолчулары тарабынан жалпы пайдалануудагы авто жолдордо тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы