Өлкɵ аймагында жолдор ачык
- 101 просм.
Бүгүн 27-январь ɵлкөдөгү авто жолдордо чектөө жок, жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бишкек-Ош авто жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Тараз –Талас — Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк, Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында күн ачык, каттам үзгүлтүксүз уланууда.
Учурда, жол тейлөө ишканаларынын жолчулары тарабынан тайгак жерлерге инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн кар күрткүлөрүнөн тазалоо, жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы