«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында активдүү иш алып барган кызматкерлер сыйланды
- 46 просм.
«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында активдүү иш алып барган кызматкерлер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сыйлоо баракчалары менен сыйланды. Ведомствонун жыйындар залында өткөн иш-чарага министрдин орун басары Бекжан Рысмендеев катышты.
«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында «Темир жол транспорту менен жүктөрдү ташууну уюштурууга байланыштуу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» № 2 челленджи боюнча иш алып барган бардык кызматкерлерди алган сыйлыктары менен куттуктайм.
Министрликтер жана ведомстволордун кызматкерлеринен куралган жумушчу топ 100 күндүн ичинде көрүнүктүү жыйынтыктарга жете алды деп бекем айта алам. Алсак, темир жол менен жүк ташууда текшерүүчү мамлекеттик кызматкерлердин иштерин жөнөкөйлөштүрүү, санариптештирүү, кайталанма текшерүү кагаздарынын санын кыскартуу жана бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү максатыбызга жете алдык”,- деди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, «Өкмөттүк акселераторлор» программасы бул – Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформанын атайын механизми. Мында мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетүү башкы максат катары каралат.
Транспорт жана коммуниикациялар министрлигинин маалымат кызматы