mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

­Өтмөк ашуусундагы пландалган асфальт иштери толук аяктады  

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12–17-чакырымдарынын аралыгындагы 5 чакырымдык тилкеге асфальт төшөө иштери толук аяктады. Учурда жол жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздоо максатында жол белгилерин чийүү иштери пландалууда. Жол куруу жумуштарын №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлү астында жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө жана сапат талаптарына ылайык бүткөрүлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы