Өзгөн-Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолунун курулушу кызуу жүрүүдө
- 121 просм.
Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолунун курулушу уланууда. Учурда асфальттын биринчи катмары тɵшɵлүп бүттү. Долбоордо каралган жарыктандыруу, тротуар жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 34 чакырым капиталдык оңдоодон ɵтүүдɵ.
Бул долбоор ишке ашырылгандан кийин, аймактагы жарандар үчүн жол каттамы жеңилдеп, экономикалык жана социалдык байланыштардын жогорулашына өбөлгө түзүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан курулуш иштерине дыкат кɵзɵмɵл жүргүзүлүп, сапаттуу жана өз убагында бүткөрү талабы коюлган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


