Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү
- 223 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Жыйынга министрдин орун басары Бекназар Базаралиев баштаган ведомствонун борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларын координациялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Данияр Сапарбаев жана “Аялзат” муниципалдык кризистик борборунунун психологу Айнура Кадыралиева үй-бүлөлүк зомбулук, анын түрлөрү, алдын алуу чаралары, ага каралган жоопкерчилик жана оор кырдаалга кабылган жарандарга кризистик борборлор аркылуу бериле турган жардамдар туурасында кенен маалымат беришти.
Үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө, социалдык жоопкерчиликти арттырууга жана кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чара суроо-жооп, талкуу форматында жыйынтыкталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы





