Японияда Баткен облусундагы жолдорду жакшыртуу боюнча келишимге кол коюлду
- 77 просм.
«Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» гранттык долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен TOYOTA TSUSHO CORPORATION компаниясы ортосунда келишимге кол коюлду.
Иш-чара Япониянын Токио шаарында орун алып, ага Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев баштаган министрликтин өкүлдөрү катышты.
Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан кайтарымсыз негизде каржылана турган долбоор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорттук логистиканы жакшыртуу жана Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн, ошондой эле эл аралык маанидеги магистралдарды тейлөө үчүн жол-курулуш техникаларын колдонуу менен калыбына келтирүү жана реабилитациялык иштерди жүргүзүү потенциалын күчөтүү максатын көздөйт.
Долбоордун алкагында 2025-жылдын ичи менен заманбап жол-курулуш техникалары (48 даана), анын ичинде асфальтобетон заводу жана таш майдалоочу жабдуу алынат.
Мындан тышкары, министрдин орун басары Ырысбек Бариев 23-27-июнь күндөрү Япониянын Токио шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жетекчилиги менен жолугушту. Анын жүрүшүндө тараптар Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен JICAнын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы