Эл менен жолугушуу элет көйгөйүн чечет
- 101 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев баштаган топ менен биргеликте Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондору жана Нарын шаарынын эли менен жолугушууга катышты.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен калктын көйгөйүн угуу максатында өтүп жаткан элдик жыйындарда көтөрүлгөн көйгөйлөргө жеринде түшүндүрмөлөр берилди.
Ал эми айрым маселелердин чечилишин көзөмөлгө алуу тиешелүү кызматкерлерге тапшырылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы