mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Электрондук тахографтарга карточкаларды чыгарган компанияга ыраазычылык билдирилди                                             

Кыргызстанда электрондук тахографтарга карточкаларды (чип карта) даярдап чыгарууда жасаган эмгеги үчүн “Азия Тахо Карт” ЖЧКсынын генералдык директору Махфират Сардарова Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ыраазычылык каты менен сыйланды.

Сыйлоо баракчасын министрдин орун басары Бекжан Рысмендеев тапшырып, 1970-жылдын 1-июлундагы Женева шаарында түзүлгөн Европа макулдашуусун жүзөгө ашыруу, анын ичинде өлкө аймагында электрондук тахографтарга карточкаларды даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду. Тактап айтканда, эгер буга чейин эл аралык автомобилдик ташууларды аткарган кыргызстандык айдоочулар чип карталарды чет өлкөлөрдөн алып келишсе, бүгүнкү күндө өлкө аймагынан алууга шарт түзүлгөнүн айтып, компаниянын ишине ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, эл аралык автомобилдик ташууларды аткаруучу айдоочулар, ташуучулар, тахографтарды орнотуучу жана оңдоочу мастерлер  электрондук тахографтарга карталарды алуу үчүн “Азия Тахо Карт” ЖЧКсына барып, арыз бере алышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эл аралык автомобилдик ташууларды аткарган айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү, жалпы эле кыргызстандык жүк ташуучулардын кызыкчылыктарын коргоо максатында жасалып жаткан иштер мындан ары активдүү улантыларын билдирет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы