mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Элдин каттамын жеңилдетип, жакшы шарт түзүү. Өлкөдөгү аба майдандардын учуп-конуу тилкелери асфальтталды

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан өлкөдөгү аба майдандардын жолдору, аэродром элементтери, учуп-конуу тилкелери реконструкцияланып, капиталдык оңдоодон өттү. Калың элдин каттамын жеңилдетип, жакшы шарт түзүп берүү максатында “Манас”, “Нарын”, “Казарман”, “Талас”, “Жалал-Абад” жана “Кербен” аэропортторунда аткарылган иштерди тизмектейбиз.
 
“Манас” аэропорту
 
“Манас” Эл аралык аэропорту өлкөнүн авиакаттам инфраструктурасынын негизги бөлүгү. Ал өлкөнү дүйнө жүзү менен бириктирип турат. Аэропорт учуучуларга жагымдуу шарттарды түзүп бериш керек. Ошондой эле эң негизгиси учуучу-конуучу тилекелери эл аралык талаптарга жооп бериши керек. Мындай шартты “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы түзүп, мекеме тарабынан аэропорттордун жолдору, аэродром элементтери, жасалма учуучу-конуучу тилкелери оңдоп-түзөөдөн өттү.
 
 “Талас” аэропорту
 
Акыркы жылдары иштен чыгып калган аймактардагы аэропорттор кайрадан жанданып, ички катамдар үчүн аба майдандар салынууда. Учуп-конуу тилкелерин салуу иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп келет. Алардын ичинде Талас аэропроту дагы бар. Талас аэропортунда дээрлик 21 000дей жаракаларды битум аралашмасы менен жамоо иштери жүргүзүлдү. Учак учуп-конуучу тилкесине 100 миңден ашык м2 аянтка асфальт төшөө, 101 770 м2 георешетка төшөө, 100 миң м2тан ашык жерге битум чачуу, 3422 м2 аң-чөнтөктөрдү жамоо иштери бүткөрүлдү.
 
“Казарман” аэропорту
 
Казарман аэропортунун жол иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы жүргүздү. Анда бүгүнкү күндө Казарман аэропортунда учак учуп- конуучу тилкесине 91 500 м2 аянтчага асфальт төшөө, 91 500 м2 георешетка төшөө, 91 500 м2 битум чачуу иштери жүрдү. Мындан тышкары, 3850 м2 термопластика менен жасалма учуп-конуучу тилкесине горизонталдык белгилерди чийүү иштери аткарылды.
 
“Нарын” аэропорту
 
Нарын аэропортунда да иштер кызуу жүрүп жатат. Мекеменин кызматкерлери тапшырылган планды аткарууда. Дээрлик 110 миң м2 жерге асфальт-бетон катмары төшөлдү. Ошондой эле 95 000 м2 жерге георешетка капталды. Азыркы учурда жумуштун 80%нан жогору иштери аяктап калды.
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы