Элдик Курултайдын экинчи күнүндө министрликке 33 кайрылуу түштү
- 6 просм.
Бүгүн, 21-декабрда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан III Элдик Курултай уланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыскы аймактардан келген делегаттардын суроо-талабын угуп, экинчи күнү жол-транспорт тармагына байланыштуу 33 кайрылууну катташты.
Министр Абсаттар Сыргабаев баштаган ведомствонун өкүлдөрү бардык суроолорго ыкчам жооп беришти.
Кечээ 200дөн ашуун кайрылуу келип түшкөн.
Белгилей кетсек, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан иш-чарага өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700гө жакын делегат келген. Ошондой эле, Элдик Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери катышты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы