Эки-Нарын көпүрөсүнүн курулушу уланууда
- 120 просм.
Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө.
Жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Ошондой эле, курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган.
Бүгүнкү күндө көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталды. Азыркы тапта темир конструкцияларды чогултуу иштери башталды.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 13-августунда аталган көпүрө жараксыз абалга келип, каттам убактылуу жабылган.
Жарандар убактылуу Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу аркылуу каттап жатышат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы