Эки-Нарын көпүрөсүндө курулуш иштери аяктап калды
- 153 просм.
Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат.
Белгилей кетсек, алгач көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталган.
Бүгүнкү күндө көпүрөнүн негизги конструкциясы толугу менен бүткөрүлүп, темир тосмолорун жана жол элементтерин орнотуу жумуштары жүрүүдө.
Аз күндө курулуш иштери толук бүтүп, каттам ачылары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Ошондой эле, курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган. Жарандар убактылуу Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу аркылуу каттап жатышат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызмат