mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

ЫСЫК-КӨЛ: Чакан кеме айдоочулары окутулууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан Чолпон-Ата шаарында суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоо боюнча чакан кеме айдоочулары окутулуп жатат.

40 сааттык окуу курсу туристтик мезгилде кырсыктарды алдын-алуу жана болтурбоо максатын көздөйт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы