Ысык-Көл облусу: Теплоключенко айылындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө
- 72 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө.
Аталган көпүрө селден улам жараксыз абалга келип, жаңы көпүрөнүн курулуш иштери 2023-жылы башталган. Анын узундугу 31 метрди түзүп, эки тилкелүү болуп салынып жатат.
Учурда көпүрөнүн тирөөчтөрү орнотулуп, бетон плиталары коюлду. Курулуш иштери жыл соңуна чейин аяктап, колдонууга берилиши күтүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы