Ысык-Көл облусу: Талантбек Солтобаев Жети-Өгүз-Койсары автожолунун долбоору тууралуу маалымат берди
- 16 просм.
Министрлер Кабинетинин төрагасы
Адылбек Касымалиевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Жети-Өгүз — Койсары автожолунун долбоору тууралуу маалымат берди.
Узундугу 16,9 чакырымды түзгөн бул жолду реконструкциялоо аймактагы транспорттук байланышты жакшыртууга, Жети-Өгүз районундагы калктуу конуштардын ортосундагы каттамды жеңилдетүүгө багытталган.
Аталган жол туристтик объекттерге жана курорттук аймактарга алып баруучу стратегиялык жана приоритеттүү жолдордун бири болуп саналат. Учурда жолдун эскилиги жеткендигине байланыштуу аны толук реконструкциялоо пландалууда.
Аталган жолду заманбап талаптарга ылайык куруу пландалып, анда веложол, тротуар, жарыктандыруу жана унаа токтотуучу атайын жайларды салуу каралган.
Ошондой эле иш сапардын алкагында облус аймагындагы башка автомобиль жолдордо жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү каралып, тиешелүү кызматтарга иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.



