mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көл облусу: Каракол-Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болууда. Аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери аткарылар замат, кар күрткүсү кайра үйлөп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Ошондой эле, жолдун 76-92-чакырымдар аралыгында көр көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан кырсыктарды алдын алуу максатында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдар аралыгын убактылуу жабуу чечими кабыл алынды. Тиешелүү тескемеге Ак-Суу районунун акими кол койду.

Ага ылайык, жогоруда аталган тилке 16-декабрдан 18-декабрга чейин жабык болот. Ал эми түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат такталарын орнотуу, ыкчам маалымат берүү сыңдуу тапшырмалар тиешелүү мекеме жетекчилерине берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы