mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай — Баатыр автожолунун                104-чакырымдан  184+500 чакырымдар аралыгын реконструкциялоо долбоору боюнча  активдүү иш жүрүүдө

Корумду-Балбай Баатыр автожолунун курулушу (реконструкциялоосу) 2024-жылдын 1-апрелинде башталган. Ал эми,  курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү 2027-жылдын март айына туура келет.

         Бүгүнкү күндө башкы подрядчы тарабынан 276 техника, 526 жумушчулар  мобилизациялоодон өтүп, учурда иш жүрүп жатат.

Азыркы этапта жер казуу, жасалма курулуштар боюнча иштер, коммуникацияларды реконструкциялоо, асфальт-бетон заводун, бетон заводун монтаждоо, жол тротуарына жана асфальт-бетон аралашмасына материалдарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан жол Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги бир катар калктуу конуштар аркылуу өтөт. Алар Темировка, Кашат, Григорьевка, Кожояр, Семеновка, Ананьево, Жаркынбаево, Өрүктү, Чон- Өрүктү, Орто- Өрүктү, Ой тал, Ой-Булак, Кутургу, Фрунзе, Ак-Булун, Күрмөнтү, Балбай Баатыр айылдары.

Калктуу конуштар аркылуу кеткен жолдун узундугу 34,4 чакырымга жакын. Долбоордогу  жолдун калган бөлүгүнүн узундугу болжол менен 44,9 км түзөт.

Учурда, Корумду-Балбай-Баатыр автожолунда жер казуу иштери жүргүзүлүп, инженердик курулмаларды – көпүрөлөрдү жана суу өткөргүчтөрдү орнотуу, коммуникация линияларын, суу түтүктөрүн көчүрүү, жол четиндеги жер тилкелерин алуу маселелери чечилүүдө. Ошондой эле,  асфальт-бетон төшөлмөсүнө тестик жер даярдалууда.

Ал эми, реконструкция болуп жаткан жолдун эски асфальт-бетон төшөлмөсүнүн көпчүлүк бөлүгү алынгандыгы жөнүндө белгилей кетүү керек. Автожолду реконструкциялоо долбоорунун  башталышынан  бери, азыркы этапта,  башкача айтаканда,  2024-жылдын   1-апрелинен тарта, асфальт-бетонду фрезерлөө иштери  калк жашабаган аймактарда гана жүргүзүлдү.

Асфальт-бетон төшөлмөсүн фрезерлөө – бул реконструкциялоонун негизги этабы болуп саналат. Жолдон сүрүлүп алынган материал кийин жол жээгин  бекемдөө үчүн колдонулат. Фрезерленген материалды жол жээгин бекемдөөгө колдонуу, жолдун иштөө мөөнөтүн узартуу жана анын эксплуатациялык мөөнөтүн жакшыртууга алып келет.  Фрезердик технология жумушун бөлүктөргө бөлүп жүргүзүүгө болбойт, бирок, процессти бир убакта жолдун чоң участокторунда жүргүзүүнү талап кылат. Жер астындагы жана жер үстүндөгү коммуникацияларды реконструкциялоо, суу өткөргүчтөрдү жана көпүрөлөрдү салуу, суу өткөргүч тармактарды көчүрүү, электр линияларын реконструкциялоо ж.б.у.с. жумуштар башталганга чейин асфальт-бетон төшөлмөсүн фрезерлөө этабы жүргүзүлүүгө тийиш. Болбосо, жумушчу күчүн, машиналарды жана механизмдерди чектелген, кыска аянттарга тынымсыз жайгаштыруу/которуу маселеси келип чыгат, бул түз жана каймана мааниде иш программасын аткарууну кечиктирүүгө алып келет жана асфальт-бетон төшөлмөлөрдү фрезерлөө боюнча иштердин технологиясын татаалдантат. Аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө татаалдашып, кырсыктарды болтурбоо үчүн кошумча тосмолорду жана белгилерди орнотуу, күндүз да, түнкүсүн да транспорт каражаттарынын кыймылын жөнгө салуу шарттары татаалдашат.

         Бул процесстин оң жактарын да белгилеп кетсек —  фрезерлөө иштеринин жүрүшүндө жер үстүндөгү жаракалар, чуңкурлар жана ан-чөнөктөр  жоюлат. Жол үстү авто кыймылына тегиз болуп турат. 

Долбоорду активдүү ишке ашыруу процесси айдоочулар үчүн автоунаанын кыймылы менен байланышкан убактылуу ыңгайсыздыктарды жаратат, жолдун бетинин текстурасынын тегиз эместигине жана бүдүр болуусуна  алып келет, автоунаалардын кыймылына ыңгайсыздыктарды жаратат, бирок,  ошого карабастан  аталган иш аракеттер автожолду реконструкциялоонун зарыл бөлүгү болуп саналат жана убакытты жана ресурстарды коротууну минималдаштырууга алып келет. Бул технологиялык талаптарга байланыштуу убактылуу көрүнүш экендигин белгилей кетүү маанилүү.

Бардык аткарылган иштер учурдагы мамлекеттик стандарттарга жана ченемдерге  (ГОСТ жана СНиП) так ылайык келет. Инженер автожолду реконструкциялоо боюнча иштин ар бир этабынын аткарылышынын сапатына кылдат мамиле кылат жана автожолдун бардык колдонуучуларынан долбоорду ийгиликтүү, өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн сабырдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

 

Министрликтин маалымат кызматы