Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт
- 108 просм.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кар көчкү түшүүсү күтүлүп жаткан унаа жолдор:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырым аралыгы (Төө-Ашуу ашуусу);
Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырым аралыгы (Чычкан капчыгайы);
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115 чакырым аралыгы;
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырым аралыгы;
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырым аралыгы (Чоң-Ашуу ашуусу);
Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырым аралыгы.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.