Чүй району: Кошой айылындагы мектептин айланасы асфальтталды
- 69 просм.
Чүй районуна караштуу Кошой айылындагы жаңы мектептин айланасына асфальт-бетон катмары төшөлдү.
Жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №34 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы