Чүй облусу: Беловодск айылындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө
- 51 просм.
Москва районунун Беловодск айылындагы №16 түзөтүү мекемесине Ак-Суу суусу аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү көпүрөнүн тирөөчтөрүн орнотуу жумуштары аткарылып жатат.
№16 түзөтүү мекемесине баруучу жолду (650м) да оңдоо иштери каралып, асфальт төшөөгө даярдыктар жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта асфальт басуу иштери башталат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы