Чүй облусу: Беловодское-Төлөк жолунун 10 чакырымы асфальтталат
- 127 просм.
Чүй облусунун Москва районуна караган Беловодское-Төлөк жолунда асфальт төшөө иштери башталды. Жумуштар министрликке караштуу № 28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Белгилей кетсек, быйыл мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жалпы 10 чакырым аралыкты асфальттоо каралып, курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына жана белгиленген графикке ылайык жүрүп жатат.
Буга чейин Беловодское-Төлөк жолунун титулдук тизмеге киргизилген 3 чакырымына асфальт төшөлүп, жумуштар толук жыйынтыкталган.
Асфальт басуу иштери аяктаган соң жол кыймылы жеңилдеп, транспорт үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлмөкчү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы