Чүй облусу: Асфальт төшөө иштери уланууда
- 44 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жолчулары тарабынан Чүй облусундагы бир катар жолдорго асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Алсак, №43 Жол тейлөө ишканасы Красная-Речка-Ысык-Ата унаа жолунун 3,1 чакырымына капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөдү. Учурда жол чийиндерин чийүү, жээктерди бекемдөө, керектүү жол белгилерин орнотуу иштери аткарылууда.
Ал эми, № 28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Москва районундагы Беш-Корук айылынын Мааке көчөсүнө (1 чакырымга жакын аралык) асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, Александровка-Асылбаш жолунун 3 чакырымына асфальт жаткыруу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы