mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чектөөнү эске албай, ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга айып пулдар салынууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 19-июнь күнү күн ысыкта асфальт жолго чыккан, ашыкча жүк жүктөгөн жана токтобой кеткен оор жүк ташыган унаалардын ээлерине түшүндүрүү иштери менен бирге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жалпы 193 миң сом айып пул салынды.

Белгилей кетсек, буга чейин салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги текшерүү иштери 21 транспорттук көзөмөлдөө пунктунда жана 10 мобилдик топ аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын эске салып, тартипти так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы