Төө-Ашуу: Оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
- 18 просм.
Бүгүн, 8-декабрь саат 12:50дөн тарта Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.
Аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы