mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ТӨӨ-АШУУ: ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

Сосновка постунда саат 06:20дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болууда. Аймакты караган #9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз уланууда.

Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, #36 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан жол тазаланып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 22-23-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.

Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жаралган бардык кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турганын белгилеп, кандай жагдай жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы