Төө-Ашууда оор жүр ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
- 346 просм.
Бүгүн, 20-декабрь саат 10:30дан тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы