mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Төө-Ашуудагы тоннелдин эки тарабы асфальтталууда

Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштери уланууда.

Учурда тоннелдин түндүк тарабында асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Ал эми түштүк тарабында асфальт басуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Бишкек — Ош жолундагы тоннелдин кире беришине автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы