mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Белгилей кетсек, кечээ, 23-июнь күнү кечки саат 18:00дор чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 250-255-чакырымдар аралыгында (Арал-Казарман тилкеси) сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Сел агымынын көлөмү болжол менен 5000 м3ду түзөт. Азыркы тапта жол убактылуу жабык. Таш көчкү түшүү коркунучу болгондуктан тазалоо иштери бүгүн эртең менен улантылды. Кошумча маалымат берилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы