Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна түшкөн кар көчкү тазаланууда
- 16 просм.
Бүгүн, 12-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал тилкесинин 198-200-чакырымдар аралыгында болжол менен саат 09:29 чамасында көлөмү 7000-8000 куб метрди түзгөн кар көчкү түшкөн.
Учурда жол эки тараптуу жабык. Министрликке караштуу №24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат.
Жерине атайын техникалар тартылып, иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигиниy маалымат кызматы