mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Тёплые ключи» эс алуу жайына жете турчу жолго асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы «Тёплые ключи» ден соолукту чыңдоо борборуна бара турчу Кой-Таш-Узун-Кыр унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Жумуштар №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, жалпы 1 чакырым 385 метр жолду оңдоо каралган.

Жерине тартылган жаңы техникалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатып, асфальт төшөө иштери аяктоо алдында турат.

Белгилей кетсек, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоого өзгөчө басым жасалып, асфальт төшөө иштери министрдин жеке көзөмөлүндө турат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы