mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт тармагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү көбөйдү

Министрликтин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болгон транспорт тармагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла көбөйдү.

2025-жылдын 9 айында лицензия берүүдөн, административдик айыптан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан 861 млн 192 миң сом түштү. Ал эми былтыркы көрсөткүч 202 млн 219 миң сомду түзгөн.

Быйылкыга карата чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 41 мамлекеттен 188 миң 75 даана уруксат кагаздары алынды.

Коррупциялык элементтерди жоюу максатында уруксат кагаздарын берүү толугу менен санариптештирилип, адам факторунун кийлигишүүсү жок кылынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы