Транспорт тармагы: Кыргыз-өзбек делегациясы жолукту
- 62 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын жана ошондой эле Чек ара кызматынын өкүлдөрү Ош облусундагы “Достук” өткөрмө бекетинде өзбекстандык кесиптештери менен жолукту. Көчмө жыйындын жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” жана “Дустлик” өткөрмө пункттарынын эффективдүү иштеши, тагыраагы оор жүк ташуучу унаалардын тез өтүшүн камсыз кылуу боюнча маселелер көтөрүлүп, мындан аркы жасала турчу кадамдар талкууланды.
Белгилей кетсек, жолугушууга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен Транспорт башкармалыгынын башчысы Аскар Эсеналиев менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин директорунун орун басары Марат Кожомкулов баштаган кызматкерлер катышты.
Сүйлөшүүлөр жылуу маанайда, конструктивдүү жагдайда жыйынтыкталды. Тараптар транспорт тармагындагы алаканы кеңейтүү менен алга жылдырууга ишеним артышарын баса белгилешти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы