mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт тармагы: Кыргыз-өзбек делегациясы жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери Өзбекстандан келген кесиптештери менен жолукту.

Анын жүрүшүндө транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселери жана мындан аркы кадамдары талкууланды.

Жолугушуунун соңунда 2025-жылга эл аралык жүк ташууга керектелчү уруксат кагаздарынын өлчөмүн көбөйтүүгө жана 2024-жылга кошумча уруксат кагаздарын алмашууга жетишилди.  

Сүйлөшүүлөр жылуу маанайда, конструктивдүү жагдайда жыйынтыкталды. Тараптар транспорт тармагындагы алаканы кеңейтүү менен алга жылдырууга ишеним артышарын баса белгилешти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы