mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт тармагы: Кыргыз-Кытай делегациялары Пекин шаарында жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев 19-20-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында кытайлык кесиптеши Ли Янг менен жолукту.

Орун басарлар баштаган эки өлкөнүн транспорт тармагынын жооптуу өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегациянын жолугушуусунда кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды. Тагыраагы, тараптар транспорт жаатындагы айрым маселелер жана аларды чечүү жолдору менен бирге ортодогу алаканы бекемдеп, кызматташтыкты өркүндөтүүнү кеп кылышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2025-жылга эл аралык жүк ташууда керектелүүчү уруксат кагаздарынын жана 2024-жылга кошумча уруксат кагаздарынын көлөмү макулдашылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы