«Транспорт тармагында кызматташуунун келечегин талкуулоо». Министр Сыргабаев Кореяда иш сапары менен жүрөт
- 544 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Түштүк Кореянын Hyundai Consraction Equipment компаниясынын чакыруусу менен Сеул шаарына барды.
Иш сапардын башкы максаты — кореялык компания менен транспорт тармагында кызматташуунун келечегин талкуулоо.
Анын алкагында Абсаттар Сыргабаев Кореянын курулуш жана курулуш технологиясы институтунун (KICT) башчысынын орун басары Ким Жонгон менен жолугушту. Ошондой эле министр дүйнөдөгү асфальт-бетон чыгарган алдыңкы заводдордун бири SPECO’нын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Абсаттар Сыргабаев Hyundai Construction Equipment заводунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда төмөндөгүлөргө токтолду.
«Курулуштун көлөмү тынымсыз өсүп жатканына байланыштуу жол куруу техникасына да суроо-талап өсүүдө. Белгилүү болгондой, Hyundai бренди төрт түрдөгү курулуш техникасынын 92 моделин жана өндүрүштүк унааларды чыгарган эң ири ишкана. Андыктан биз тараптан кандайдыр бир суроолор пайда болгон учурда өз убагында сервистик колдоо көрсөтүлөт деп ишенебиз»,-деди Сыргабаев.
Мындан тышкары, министр таш майдалоочу заводдун жана атайын жол техникаларын чыгарган компанияга барды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
