Транспорт министрлиги Жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерин жана жол кызматкерлерин окутууда
- 33 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин тапшырмасынын негизинде Ош шаарында Жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн кыска мөөнөттүү окутуу курсу башталды.
Окутууну Министрликтин алдындагы “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жүргүзүп, катышуучуларга жол чарбасын пайдалануу жана күтүү боюнча маалыматтар менен тааныштырат.
Окуунун максаты – жол чарбасында иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, жол куруу багытындагы жаңы технологиялар менен иштөөнү үйрөтүү болуп саналат.
Окутуу 27-28-март күндөрү уланат
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы