Транспорт министрлиги «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында «Корумду – Балбай Баатыр» унаа жолунун жээгине 20 миң көчөт отургузат
- 13 просм.
КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген улуттук «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири масштабдагы иштерди жүргүзүүдө.
Министр Талантбек Солтобaевдин жетекчилиги алдында айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган дарак отургузуу программасы ишке ашырылууда. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылы министрлик жана анын карамагындагы мекеме, ишканалар тарабынан республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда. Анын ичинен болжол менен 70 пайызы мөмөлүү дарактарды түзөт.
Мындан тышкары, министрликтин жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн ар бир облусунда аянты 1 гектардан ашкан парк зоналарын түзүү иштери уюштурулат. Бул иштерге Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу бардык мекемелер тартылган.
Өзгөчө көңүл Ысык-Көл айланма унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан экологиялык иш-чараларга бурулууда. Бул долбоор жаратылыш тең салмактуулугун сактоо жана аймактарды компенсациялык жашылдандыруу иштерин камтыйт.
Атап айтканда, 2026-жылдын 12-апрелинде саат 09:00дөн 12:30га чейин Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кутургу айылында көчөт отургузуу боюнча масштабдуу коомдук экологиялык акция — ишембилик өткөрүлөт.
Иш-чара Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана долбоордун башкы подрядчысы China Road and Bridge Corporation компаниясы тарабынан уюштурулуп, «Корумду – Балбай Баатыр» тилкесиндеги Ысык-Көл айланма унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Долбоорго ылайык, 2026-жылы Ысык-Көл жана Түп райондорунун аймагында жалпысынан 53 697 дарак отургузуу пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 16 миңге жакын дарак отургузулуп бүттү.
12-апрелдеги акциянын алкагында отургузула турган көчөттөр алдын ала атайын питомниктерде өстүрүлүп, аймактын климаттык шарттарына ылайыкташтырылган.
Бул иш-чаралар экологиялык тең салмактуулукту сактоого, аймактарды жашылдандырууга жана экологиялык жоопкерчилик принциптерине негизделген туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул багыттагы иштерди мындан ары да улантып, мамлекеттик, жеке жана коомдук уюмдар менен биргеликте айлана-чөйрөнү коргоо боюнча демилгелерди ишке ашырууну улантат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


