Транспорт министрлиги алгачкы асфальт төшөө иштерин баштады
- 27 просм.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жеңиш-Жайыт-Ак-Терек жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери башталды. Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 36 чакырымды түзөт.
28-30-чакырым аралыгыктагы жолду кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №35 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын Титулдук тизмесине киргизилген асфальт төшөө иштеринин алгачкысы.
Ал арада Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Чүй облусунда иш сапарында болуп, асфальт-бетон заводдорун, таш майдалоочу ишканаларды кыдырып, аткарылып жаткан иштерди, жол куруу иштерине даярдык жана материалдардын камсыздалышы менен жеринде таанышууда.
Айрыкча, жасала турган жолдордун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жасалышына катуу талап коюп, тийиштүү тапшырмаларды берди.
Т.Жаныбеков билдиргендей, быйылкы 2026-жылы салынуучу автожолдор үчүн каралган алгачкы битум партиясы алынып келинип, республика боюнча битум сактоочу чуңкурларга түшүрүлө баштады.
Бүгүнкү күндө Жел-Арык, Кыямат-Кыркоол, Маймак, Шамалды-Сай жана Ош-2 битум базаларына битумдар түшүрүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




