Транспорт министрлигинин 85 жылдыгына карата спорттук иш-чара уюштурулду
- 48 просм.
12-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 85 жылдыгы, Автомобиль транспортунун жана жол чарбасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Мелдештин ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
Командалар мини-футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин кубогу, 100 метр аралыкка чуркоо, аркан тартыш, шахмат, үстөл теннис боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы