mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

 Транспорт министрлигинин жамааты Марат Мияровду ардактуу эс алууга узатты 

 

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев баш болгон министрликтин эмгек жамаатынын катышуусунда министрликке караштуу Жол чарба департаментинин Чүй облустук №1 аймактык бөлүмүнүн башчысы Марат Мияровду ардактуу эс алууга узатуу иш чарасы өттү.

Министр Т. Солтобаев ак ниет кызматы үчүн жана министрликтин өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Мияров Марат Эшимовичке терең ыраазычылыгын билдирип, каалоо-тилектерин айтты.

Марат Мияров 1956-жылы туулган. Өмүрүнүн дээрлик 50 жылын жол тармагына арнаган. Ал 1976-жылдан бери министрликте эмгектенип келген. 

Ошондой эле, жамааттын кызматкерлери да М.Мияровго өз ыраазычылыктарын жана каалоо-тилектерин айтышты.

Өз кезегинде, Марат Мияров министрликтин жетекчилигине жана эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы